Бейшембиге карата аба ырайы

11-ноябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгалак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү республикада аба ырайы бузулбай турганын Кыргызгидромет маалымдады.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас өрөөнүндө +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көлдө +7...+12, Нарын жергесинде +5...+10 градус болот. 
Термометр Бишкекте +13...+15, Ошто +14...+16 градусту көрсөтөт.