Акылбек Жапаров ОшМУнун ректорун кызматтан алуу чечимине кол койду

Ректор административдик ресурсту колдонуу фактысы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын 6-ноябрдагы чечиминин негизинде иштен кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековду кызматтан алуу чечимине кол койду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кожобеков президенттин “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткарбагандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулган деп белгиленет.
Депутат ОшМУнун бошотулган ректорун кызматка кайра коюуга чакырды
Аталган чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 6-ноябрдагы чечиминин негизинде кабыл алынган.
Белгилей кетсек, кечээ, 9-ноябрда, Акылбек Жапаров ОшМУнун студенттери шайлоого аттанган партиялардын биринин үгүт иштерине катышкандыгы үчүн ректор Кудайберди Кожобеков, педагогика факультетинин деканы Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу кызматтан алынганын билдирген. Аны менен катар билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланган.