Кыргызстан алдыңкы бештикте. U23 дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы

Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан жети өлкө менен 25-орунду бөлүшүп турат. Ал эми Япония, Кытай жана Түштүк Корея катышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер (U23) арасында дүйнө чемпионатында жалпы медалдык эсепте бешинчи орунду камсыздады. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.
Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш) боюнча U23 дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында жыйынтыкталды. Мелдешке катышкан 31 өлкөнүн ичинен Кыргызстан медалдар жарышынан алдыңкы бештикке кирди.
Күндүн мыкты ыкмасы! Кыргызстандык балбанга жогорку баа беришти. Видео
Эскерте кетсек, аталган турнирде Айпери Медет кызы (76 килограмм) жана Эрназар Акматалиев (70 килограмм) алтын, Бекболот Мырзаназар уулу (57 килограмм) күмүш байге уткан.
Кыргызстандан грек-рим күрөшүнөн сегиз балбан, кыз-келиндер күрөшүнөн эки жана эркин күрөштөн алты атлет барышкан.