ОшМУнун ректору кызматтан алынып, министр менен мэрге сөгүш жарыяланды

Буга чейин Ош мамлекеттик университетинин студенттери үгүт акциясына катышкандыгы тууралуу материалдар ЖМК беттерине чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Ош шаарынын студенттери шайлоого аттанган партиялардын биринин үгүт иштерине катышкандыгы үчүн жетекчилерге сөгүш жарыяланып, айрымдары кызматтан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, педагогика факультетинин деканы Б.Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу кызматтан алынды.
Ошондой эле билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланды.
“Бюджеттен айлык акы алган кызматкерлер жана жетекчилер! Сиздердин үгүт иш-чараларына катышууңуздардын кереги жок. Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер”, — деди Жапаров.
Эске салсак, Ош мамлекеттик университетинин студенттерин мугалимдери административдик ресурс колдонуу менен мажбурлап 3-ноябрда борбордук аянтта өткөн партиянын үгүт акциясына алып келген делип ЖМКлар бул тууралуу сүрөт, видеолорду жарыялашкан.
Бүгүнкү күндө ИИМ менен БШК тарабынан шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен 29у БШКнын ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна келип түшкөн.