БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Нур-Султандан Бишкекке каттаган авиарейстер 17-ноябрдан тарта жанданат. Бул тууралуу Air Astana жазды.
Маалыматка караганда, рейстерди Embraer E190-E2 аткарат.
"Нур-Султан — Бишкек авиарейстери шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы. Ал эми декабрдан тарта дүйшөмбү жана жума күндөрү дагы каттай баштайт. Алматыдан Бишкекке күн сайын учак келип турат", — дешти Air Astana компаниясынан.
Бишкекке учкан бардык жүргүнчүлөр жана алты жаштан жогорку курактагы балдар акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылып, илдет жуктурбаганын билдирген ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Бул шарт вакцинанын толук курсун алгандар үчүн тиешеси жок.
Санитардык талаптардын толук тизмеси менен авиакомпаниянын сайтынан таанышсаңыз болот.