Октябрь райондук милициянын башчысынын орун басары кармалды. Сүрөт

Милиционер 4-ноябрда колго түшүрүлгөн. Ал шектүү катары эки айга УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкекте Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлады.
Маалыматка караганда, ал пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.
1 / 3
Бишкекте Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары кармалды
2 / 3
Маалыматка караганда, ал пара алып жаткан жеринен колго түшкөн
3 / 3
УКМКдан билдиргендей, райондук милициянын кызматкери бир нече жарандын үстүнөн акча уурдады деген айыптоо менен жасалма арыз жаздырган
УКМКдан билдиргендей, райондук милициянын кызматкери бир нече жарандын үстүнөн акча уурдады деген айыптоо менен жасалма арыз жаздырган.
"Арызды кароону токтотом деген доомат менен ал 80 миң сом талап кылып, моралдык жана психологиялык жактан кысым көрсөткөн", — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
КР Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүнө ("Пара талап кылуу") ылайык соттук өндүрүш ачылган.
УКМК: Сузактагы мектепти курууда мамлекет 5 млн. сом чыгым тарткан
Милициянын Н. Э. Д. аттуу майору 4-ноябрь күнү Көк-Жар айылында кармалган. Ошол учурда анын жанынан Макаров жана Калашников (АК-47) куралдарынын огу, бир нече кишинин паспорттору жана 5 600 доллар табылган.
Сот чечими менен шектүү УКМКнын убактылуу кармоо жайына эки айга киргизилди.