БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Акыркы убакта биз Казакстандын орус тилдүү жарандарына карата ксенофобиянын бир катар резонанстуу көрүнүштөрүнө күбө болдук. Мындай билдирүүнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Российская газета" басылмасындагы маегинде билдирген.
Анын пикири боюнча, айрым иштер көбүнчө сырттан келген атайын маалыматтык ыкмаларды колдонуунун натыйжасы болуп саналат, алар чакан шаардагы улутчулдукту өстүрүүгө жана Россия менен кызматташууну жаманатты кылууга багытталган.
"Нур-Султан менен эки тараптуу мамилелердин деңгээли ар бир кооптуу жагдайда биргелешкен ыкчам чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет. Бул үчүн биз Тышкы иштер министрлиги, укук коргоо органдары жана юстиция органдары, ошондой эле президенттик администрациялар аркылуу түз байланыш каналдарын колдонобуз. Эки өлкөнүн бейөкмөт секторунун, эксперттик жана журналисттик коомчулугунун координацияланган иши жүрүп жатат", — деген Лавров.
Ал белгилегендей, Казакстандагы орус тилдүү коом менен Россиядагы казак коомчулугу күчтүү байланыш түйүндөрү катары кызмат кылып жатат.
"Эки тарап тең орус тилинин бириктирүүчү миссиясы канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнүшөт. Казакстандын Конституциясына ылайык, орус тили расмий статуска ээ жана казак тили менен бирдей колдонулат. Мен муну өз жашоосун жана ишин Россия жана бүтүндөй КМШ мейкиндиги менен байланыштырган казакстандык жаштар үчүн чоң утуш деп эсептейм. Биз орус тилин билген мугалимдерди жана адистерди даярдаган Казакстандын мектептерине, кесиптик жана жогорку окуу жайларына ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантабыз", — деген министр.
Ал билдиргендей, тарыхка кайрылып, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык, интеграциялык процесстерди эң оптималдуу түрдө өнүктүрүү Россия менен Казакстандын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берет деп ишенимдүү айтууга болот.