Кыргызстан Индиянын деңиз-аскер күчтөрүнүн торпедаларын модернизациялап жатат

Маалыматка караганда, Индиянын аскер флоту 3-5 жылдын ичинде дагы 100 комплект жабдууну Кыргызстанда модернизациялоону пландоодо.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. "Дастан" улуттар аралык корпорациясы Индиянын деңиз-аскер күчтөрүнүн суу алдындагы кемелерге каршы торпедаларын модернизациялоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.
Жаңыртуу иштери индиялык "Барат Фодж Лимитед" компаниясы менен биргеликте жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.
"СЭТ-65" жана "ТЭСТ-71" жабдуулары модернизацияланууда. Бул максатта Инд океанынын шартында жабдууларды сыноо (аткылоо) иштери өткөрүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, Индиянын аскер флоту 3-5 жылдын ичинде дагы 100 комплект жабдууну Кыргызстанда модернизациялоону пландап жатат.
Кыргызстан Индия өкмөтүнөн 200 млн. доллар кредит алууну макулдашты
Мындан тышкары, ишкана былтыркы жылдын апрель айынан тарта жалпы суммасы 11 миллион долларды түзгөн келишимдерге кол коюлганын айтат. Ал макулдашуулар ошол эле Индия, Польша, Россия сыяктуу өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен болгон.
"СЭТ-65" — Советтер союзунда жасалган суу алдындагы кемелерге каршы, өзү иштей турган торпеда.
"ТЭСТ -71" — суу алдындагы кемелерге каршы акустикалык, телебашкарылуучу торпеда.