БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эркектер үйлөнгөндөн кийин аз сүйлөшүп, спорттон оолактап кетет. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин "Убакыт бюджетин колдонуу" басылмасында жазылган.
Статистикага ылайык, бойдок эркектердин бир суткасына 5 саат 3 мүнөт бош убактысы болсо, ал үйлөнгөндөн кийин 4 саат 35 мүнөткө кыскарат. Ал эми аялдар бой жүргөн кезинде 3 саат 37 мүнөт бош убактысы болору аныкталган. Турмушка чыккандан кийин ал убакыт 3 саат 26 мүнөткө кыскарат.
Аталган категориядагы адамдар бош убактысын эмнеге короторун төмөнкү инфографикадан көрө аласыздар.
Орто эсеп менен алганда эркектер үйлөнө электе күнүнө 23 мүнөт спорт менен алектенсе, кийин 10 мүнөт гана убакыт бөлүп калган. Ал эми адамдар менен пикир алышып сүйлөшүүсү 17 мүнөткө кыскарган.
Аялдар, тескерисинче, турмушка чыккандан кийин көбүрөөк сүйлөшүп калат. Спортко бөлгөн убактысы бир мүнөткө да өзгөргөн эмес.