Бир суткада 54 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду

Илдет илештиргендердин жалпы саны 181 936га жетти. Анын ичинен 176 323 адам дартты жеңген. Ал эми каза тапкандардын жалпы саны 2 691 болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 54 адамдан коронавирус аныкталып, 77 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
COVID, сасык тумоодон кийин дене табы эмнеге көтөрүлөт? Түшүндүрмө
Азыркы тапта стационарда 576, ал эми амбулатордук шартта 815 адам дарыланып жатат.
Бир сутка ичинде эмдөөдөн 2 849 адам өткөн. Андан 1 460ы вакцинанын биринчи дозасын, ал эми 1 389 адам экинчи дозаны алган. Эмделгендердин саны өлкөдө 1 миллиондон ашты.