Канттагы аскердик базада террорго каршы машыгуу өттү. Видео

Канттагы россиялык биргелешкен аскердик база — тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү. Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат.
Sputnik
Канттагы россиялык биргелешкен аскердик базасында террорго каршы бөлүмдүн машыгуусу өттү. Бул тууралуу аталган авиабазадан кабарлады.
Жоокерлер аскер бөлүктөрүнүн аймагына күтүүсүздөн кирип келген душманды жок кылуу боюнча аракеттерди көрүштү.
"Сценарий боюнча россиялык аскерлерге №1 көзөмөл өткөрүү пунктуна чабуул коюлгандыгы тууралуу маалымат түшөт. Алар өз командиринин көрсөтмөлөрүн ыкчам, так жана кылдаттык менен аткарып, кыска убакыт ичинде душмандарды зыянсыздандырышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Канттагы россиялык биргелешкен аскердик база — тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрдүн бир бөлүгү. Ал ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугун абадан коргоп, камсыздап турат.