Бишкекте таксисттин далысына бычак сайды деп 62 жаштагы киши кармалды

Айдоочу арткы орундукта бараткан жүргүнчүсү Байтик баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен ага кол салганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкекте таксисттин далысына бычак сайган деп шектелип 62 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милиция билдирди.
Бишкектин чок ортосунда аялды сабаган эркектин видеосу. Милиция маалымат берди
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Шектүү катары 62 жаштагы М.Т. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кишинин аракетине юридикалык баа берилет.