Бишкектин чок ортосунда аялды сабаган эркектин видеосу. Милиция маалымат берди

Интернетте талкуу жараткан видеодо аялы менен күйөөсү экени белгилүү болду. Учурда окуянын чоо-жайы айтыла элек. Милиция тергөө иштерин улантууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлорунун биринин жанында аялды эркек киши сабаган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясынан билдирди.
Буга чейин интернетте көчөдө эркек киши жанындагы аялды артынан кууп башка-көзгө койгулаган видео тараган. Аны "Короче" Telegram-каналы дагы жарыялаган.
"Аталган факты КР Жазык кодексинин 266-беренесине ("Бейбаштык") ылайык, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Видеодогу аял менен эркек жубайлар экен, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Милициядан кошумча маалымат берилерин билдирди.