Тажикстан менен чектешкен жердеги кыргызстандыктын сарайы өрттөнүп кетти

Таңкы саат 05:30да чыккан өрт бир саатка жетпеген убакытта толугу менен өчүрүлгөн. Тиешелүү органдар чек арада чыккан кырсыктын себебин териштирип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылындагы Дахма участкасындагы шарттуу чек ара сызыгына жакын жерде Кыргызстандын жаранынын сарайынан өрт чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Сүлүктүдө куткаруучулар шахтада ууланган эки кишини аман алып чыкты
Тиешелүү органдар тарабынан өрттүн келип чыккан себептерин териштирүү иштери башталды.
УКМК 2021-жылдын 9-ноябрына карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөйт.