Дарыгер балага COVID-19дун эң оор кесепети кайсы экенин айтты

Мультисистемалык сезгенүү синдрому — коронавирустун кесепетинен улам организмдеги бир нече системанын ишинин начарлашы.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. COVID-19 чоңдор сыяктуу эле балдардын организминде дагы сакайып кеткенден кийин деле бир топ кесепетин калтырууда. РИА Новости агенттигине инфекционист Андрей Поздняковдун айтып бергенине караганда, коронавирустан айыккан балдарда бир нече жумадан кийин мультисистемалык сезгенүү синдрому жолуккан учурлар бар. 
"COVID-19дун балдардын организминде калтырган негизги кесепети — мультисистемалык сезгенүү синдрому. Ал өтө жеңил, байкалбаган формада ооруган балдарда дагы болушу мүмкүн. Бактыга жараша, ал аз гана бөбөктөрдө кезигип жатат", — деди адис.
Ошондой эле Поздняков мультисистемалык сезгенүү синдромун кантип билсе болорун түшүндүрдү.
Бир суткада 54 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду
"Чоңдордун дене табы 38,5 градустан жогору болуп, калтырак басат. Айрымдардын денесине, оозуна жана ооз көңдөйүнө бүдүрлөр чыгат. Бездер шишип, тамак сиңирүү системасы начар иштей баштайт. Кээ бирөөлөрдүн кан басымы түшүп, жүрөгү ооруйт. Балдарда деле ушундай эле белгилер болот. Болгону бөбөктөр менен өспүрүмдөр көбүрөөк чарчап, алы кетип, тынчсызданышы мүмкүн", — деди дарыгер.
Андыктан адис коронавирустан айыккан соң киши туура тамактанып, уйкуну кандырып, витаминдерди ичүүсү керектигин эскертет.