Акылбек Жапаров менен Мишустин телефондон сүйлөштү. Эмне тууралуу сөз болду

Россия тарап Кыргызстанда салык башкаруу тутумун өнүктүрүүдө, маалыматтарды иштеп чыгуунун заманбап борборун түзүүдө техникалык жана программалык көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
Өкмөт башчылар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылын жабуу салтанатын Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашты.
Ошондой эле Россия тарап Кыргызстанда салык башкаруу тутумун өнүктүрүүдө, маалыматтарды иштеп чыгуунун заманбап борборун түзүүдө техникалык жана программалык көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.