БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Иликтөө интернеттеги аеосуз оюндар оюнчуларды зомбулукка түртпөй турганын көрсөттү. Бул тууралуу "Популярная механика" сайты Journal of Economic Behavior & Organization басылмасына шилтеме берип жазды.
Лондон университетинин экономика мугалими Агне Сузиделиттин айтымында, коомчулукта компьютердик оюндар адамдардын мүнөзүн өзгөртүп, чыныгы жашоодо киши өлтүрүүгө чейин алып келет деген пикир бар. Ал аеосуз видео оюндар менен 8-18 жаштагы балдар жасаган зомбулуктун ортосундагы байланышты анализдеген.
"Мен АКШдагы зомбулук элементтери бар интернет оюндарынын чыгышы жүрүм-туруму терс жакка өзгөргөн жаш балдарга кандай таасир этерине байкоо жүргүзүп, байланышын таба албадым. Ооба, мындай оюндарды көргөн балдар өзүн баатыр сезип, бир нерселерди бузуп-талкалаганын ата-энелери айтты. Бирок адамдарга кол салуу болгон эмес", — деген изилдөөнүн автору.
Ал ушундан улам видео оюндар балдарга таасир этерин, бирок зордук-зомбулукка алып келбейт деп айтууга мүмкүн экенин кошумчалаган.