Сүлүктүдө куткаруучулар шахтада ууланган эки кишини аман алып чыкты

ӨКМге алгач шахта урап, ичинде адамдар калып калганын айтышкан. Кийин алардын тосмо орнотуп жатып газга ууланганы маалым болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Баткендин Сүлүктү шаарында шахтада газга ууланган эки кишини куткаруучулар аман-эсен алып чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, алгач шахта урап түшүп, ичинде адамдар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Куткаруучулар барганда шахта урабай эле ичинде тосмо орнотуп жаткан эки эркек кишинин газга ууланганы маалым болду. Куткаруучулар аларды чыгарууга жардам берген. Учурда абалдары жакшы", — деп жазылган маалыматта.
Окуя болгон жерге алты куткаруучу тартылган.