Жапаров ТМККнын баш катчысы менен алдыдагы саммит тууралуу сүйлөштү

Өлкө башчы Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине катышууга өзгөчө маани берерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) баш катчысы Багдад Амреевди кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) баш катчысы Багдад Амреевди кабыл алды
Анда ал Жапаровго ТМККнын алдыда өтүүчү жыйынына даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат бергени айтылды.
Жапаров "ЕБ - Борбордук Азия" форумунда эмне маселелерге токтолду
Андан соң президент Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине катышууга өзгөчө маани берерин белгиледи. Ошондой эле ал жакында болуучу саммит Түрк кеңешин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк болот деген пикирин айткан.
Жолугушуунун жүрүшүндө ТМККнын инвестициялык фондун Бишкек шаарына жайгаштыруу маселелери талкууланганы белгиленди.