Русский дом уюму Жалал-Абаддагы 12 мектепке окуу китептерин тапшырды

Мектептерге жалпысынан ар кандай предметтер боюнча Россияда басылган 700 окуу куралы берилгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Россиянын илим жана маданият борборунун Ош шаарындагы Русский дом бөлүмү Жалал-Абад облусундагы 12 билим берүү мекемесине методикалык колдонмо жана окуу китептерин тапшырды. Бул туурасында аталган уюмдан билдиришти.
Китептерди Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов жана Русский домдун маданият жана билим берүү программасынын куратору Елена Куканбаева тапшырган.
Россиянын илим жана маданият борборунун Ош шаарындагы Русский дом бөлүмү Жалал-Абад облусундагы 12 билим берүү мекемесине методикалык колдонмо жана окуу китептерин тапшырды
Аталган иш-чара Жалал-Абад шаарындагы "Славян диаспорасы" ассоциациясында орус тили кабинетинин ачылышына жана Элдик биримдик күнүн майрамдоого арналган.
Мектептерге жалпысынан ар кандай предметтер боюнча Россияда басылган 700 окуу куралы берилген.