Кыргызстанга Россиянын алдыңкы 70 компаниясынын өкүлдөрү келет. Максаты

Иш-чаранын максаты россиялык продукцияларды Кыргызстанда жайылтуу, инвестиция тартуу жана кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга 10-12-ноябрь күндөрү Россиянын алдыңкы 70 компаниясынын өкүлдөрү келери күтүлүүдө. Бул туурасында Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) билдиришти.
Сапардын алкагында Россия менен Кыргызстандын ишкерлеринин жолугушуусу болот. Иш-чараны Россиянын Экспорт борбору менен РКӨФ уюштурууда.
"Бул энергетика, айыл чарба, машина куруу, ресурстарды сактоо тармагын өнүктүрүү, коопсуздук жаатындагы санариптик технологиялар боюнча россиялык жана кыргыз компанияларынын ортосунда өз ара байланышты орнотуучу аянтча болуп бермекчи", — деп айтылат маалыматта.
Максаты — россиялык продукцияларды Кыргызстанда жайылтуу, инвестиция тартуу, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес-коомчулугу ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо.