Бишкекте күйгөн заводдон 10 адам жаракат алды. Дрондон тартылган видео

Бишкектин Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан заводдон чыккан өрттүн кесепетинен жаракат алган эки киши ооруканага түштү. Заводдо пластиктен сырткары эмерек жасоо, кийим тигүү цехтери дагы болгон.
Sputnik
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10 адам ар кандай жаракат алганын кабарлаган. Саламаттык сактоо министрлиги маалыматка тактоо киргизип, сегиз адамдын олуттуу жаракаты жок болгондуктан медициналык жардам алып кетишкенин билдирди. Ал эми бирөө Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун Омуртка патологиясы бөлүмүнө жаткырылган. Экинчи кишинин колу кесилип, Улуттук госпиталга түшкөн. Бирок ал да үйүнө чыгарылган деп айтылды.
Казакстандагы кафедеги үрөй учурган жарылуу эмнеден чыкканы айтылды. Видео