Африкада альбиностор арасында биринчи жолу сулуулук сынагы өттү. Видео

Түштүк Африкада альбиностор арасында биринчи жолу сулуулук сынагы өттү. Иш-чаранын максаты генетикалык өзгөчөлүгү бар адамдарга карата мамилени өзгөртүүгө чакыруу болгон.
Sputnik
Видео Ruptly агенттигинин YouTube каналына чыкты.
Африка өлкөлөрүндө альбинизм менен жабыркаган адамдар кордукка жана басынтууга көп кабылары айтылат. Аларды уурдап, өлтүрүп, терисин көмүскө базарларда сатып жибергендер да бар.
Уюштуруучулар альбиносторго карата зордук-зомбулукту токтотууга чакырышкан.
"Бул өтө маанилүү демилге. Альбинизми бар адамдарга кол салгандарга "силерде да ушундай ген болуп калышы мүмкүн" деп айткыбыз келет", — деген уюштуруучу Годфри Мфатсве.
Альбинизм — төрөлгөндөн тарта меланин пигменти жок тукум куума оору. Анын айынан тери, чач, каш, кирпиктин баары аппак болот.