Стресс – адамдын эмоционалдык жактан тынч жана тең салмакта жүрүшүнүн бузулушу. Башкача айтканда, жагымсыз кырдаалдын таасиринен улам организмде пайда болгон катуу чыңалуу. Бул жерде кадимки жай стресс менен дистрессти айырмалай билүү маанилүү. Бул тууралуу Айжан Турдукулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дистресс эки жумага созулуп кетсе адам депрессияга туш болот.
"Эустресс бул жагымдуу стресс. Анын натыйжасында дененин функционалдык резерви жогорулап, андан улам стресс факторуна ыңгайлашып, аны организм өзү эле жок кылат. Бирок өнөкөт же өтө күчтүү стресс коркунучтуу болот жана аны менен күрөшүү керек. Мындай абал медицинада дистресс деп аталат. Мисалы, адам экзамен тапшыруу же жумушка орношуу алдында турса эустресске, ал эми жумуштан айдалып, иши жүрүшпөй, жакынын жоготкон күтүлбөгөн жагымсыз кырдаалда дистресске кабылат. Дистресс – жагымсыз стресс, анын натыйжасында организмдин коргонуу күчү алсырап, ык алуу механизмдеринин бузулушуна алып келет. Бул абал ар кандай оорулардын өнүгүшүн шарттайт. Курч стресс кызыктай жүрүм-турум менен коштолот (максатсыз басуу, бир жерди тиктеп калуу) жана курч соматикалык бузулуулардын (гипертониялык кризис, инсульт, инфаркт) пайда болушу менен мүнөздөлөт", — деди Турдукулова.
Психолог кыймылсыз жашоо образы, 8-10 саат бою компьютерде тынымсыз иштөө, туура эмес тамактануу мунун баары кеңсе кызматкерлерин стресске кептей турганын кошумчалады.