БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Баа жеткис мурас бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Мекендин бир чымчым жерин кемитпей, бир үзүм нарк-насилин бузбай кийинки муунга өткөрүп берүү биздин ыйык парзыбыз. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кайрылуусунда билдирди.
Президент Кыргызстандын мамлекет, эгемен эл, улут катары сакталып калуусуна жаратман инсандардын эмгегинин орду бар экенин айтты.
"Ата-бабаларыбыздан калган бай тарых, баа жеткис мурас бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Азаттык идеясын бекем карманып, көз карандысыздыгын ар дайым бекем коргоону ураан кылып келген ата-бабаларыбыз баскан бараандуу жолду барктап, бизге тартуу кылган керемет жерди, нускалуу элди көздүн карегиндей сактап, анын бир чымчым жерин кемитпей, бир үзүм нарк-насилин бузбай кийинки муунга өткөрүп берүү биздин ыйык парзыбыз. Элибиздин басып өткөн жолун сый-урмат менен эскерип, татаал тарыхтан таамай сабак алып, учурдагы абалыбызга баа берип, андан туура жыйынтык чыгарып, келечекке бийик максаттарды коюшубуз абзел", — деген Жапаров.
Мамлекет башчысы ошондой эле Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Исхак Раззаков өңдүү кыргыздын чыгаан уулдарын жана алардын үзөңгүлөштөрүн эскерип, таазим этүү тарыхы менен сыймыктанган дымактуу эл экендигибизден кабар бере тургандыгын айтат.
"Биздин сыймыктана турган өтмүшүбүз, кылымдарды карыткан өрнөктүү маданиятыбыз жана үлгү боло турган тарыхый инсандарыбыз бар. Демек, ата-бабаларыбыздын, тарыхтын алдында мамлекетти өнүктүрүүгө, бийик эл болууга милдеттүүбүз. Ал үчүн татыктуу тарбия менен адеп-ахлакка, терең билимге, алдыңкы илимге басым жасап, биримдик менен ынтымакты туу тутуу менен бийик максаттарга умтулалы", — деп кошумчалады ал.
Эске сала кетсек, 7-8-ноябрь күндөрү - Кыргызстанда тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү делип 2017-жылдан бери белгиленип келет.