Бишкекте пластик чыгарган завод өрттөнүп жатат. Видео

Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы беш бөлүм тартылган. Министрлик кошумча маалымат кийинчерээк берилерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында пластик чыгарган завод өрттөнүп жатат. ӨКМдин маалымат кызматы билдирмени тастыктап, завод Курманжан датка көчөсүндө жайгашканын кабарлады.
"Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы беш бөлүм, бир автошаты, бир суу ташуучу техника, Куткаруу кызматынан беш кызматкер, ыкчам топ тартылды. Азыркы тапта тилсиз жоону өчүрүү иштери жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик кошумча маалымат кийинчерээк берилерин айтты.