БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Борбор калаада пластик жасаган заводдон чыккан өрт чектөөгө алынганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кырсык Курманжан датка көчөсүнүн №206 дарегинде жайгашкан пластик чыгарган "Ак-Тилек" заводунан чыккан.
Өрт саат 12:21де чектөөгө алынганы айтылып, аны толук өчүрүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.