Кыргызстандык Гүлшаной Сатарова Самарканддагы марафондо биринчи келди. Видео

Кыргызстандык жөө күлүк кыз буга чейин Казакстанда өткөн бир эмес эки марафондо биринчи келип, баш байгени алган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Өзбекстанда өткөн Samarkand Half Marathon жарым марафондо биринчи келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчу кыз өзү кабарлады.
Анын айтымында, спорттук иш-чара Самарканд шаарында өткөн.
"Жыйырма бир чакырымды 1 саат 15 мүнөт 46 секундда багынтып биринчи орунду алдым. Баш байгеге 12 миллион сум (95 миң сом) коюлуптур", — деди Сатарова.
Белгилей кетсек, бул кыргызстандык спортчунун алгачкы жеңиши эмес. Буга чейин ал Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Astana Marathon 2021 иш-чарасында да алтын медаль уткан. Андан тышкары Алматы шаарындагы жарым марафондо жеңүүчү болгон.