Күндүн мыкты ыкмасы! Кыргызстандык балбанга жогорку баа беришти. Видео

Белград шаарында Жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө (U23) чемпионаты өтүп жатат. United World Wrestling мыкты деген ирмемдердин топтомун жарыялады. Анын арасынан кыргызстандык Тайырбек Жумашбек уулунун да видеосун көрүүгө болот.
Sputnik
Тайырбек Жумашбек уулу 61 килограмм салмакта беттешкен. Кечээ, 6-ноябрда, түркиялык балбан Ахмед Думан менен кармашкан. 0:5 эсебинде жеңилип бара жатып, бирок акыркы мүнөттө жеңишти жулуп алып, 8:6 эсеби менен беттешти аяктаган. Анын жыйынтыгында 1/8 финалга чыккан.