БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Испанияда өткөн көзү азиз спортчулар арасындагы дуатлон боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык спортчу Жалалдин Абдувалиев күмүш медаль жеңди. Бул туурасында анын кесипкөй жандап жүрүүчүсү Нуршат Абабакиров социалдык тармактагы баракчасына жазып сүйүнчүлөдү.
Анда спортчуларга 5 чакырым чуркап, 20 чакырымды велосипед менен басып өтүп жана 2.5 чакырым чуркоо тапшырмасы коюлган.
"Испаниянын Авилес шаарында көзү азиз спортчулар арасындагы дуатлон боюнча дүйнөлүк чемпионаттан күмүш бар. Жеңишке болгон жолунда Жалалидинди жандап жүрүү бактысы буюруптур. Экинчи орунду аз жерден бельгиялыктарга алдырып жибере жаздадык. Кыйын болду, бирок биз ага жеттик. Кыргызстандын Триатлон боюнча федерациясынын иштеп, жасай турган нерселери бар экен", — деп жазды Абабакиров.
Жалалдин Абдувалиев — триатлон боюнча КРдин эл аралык класстагы чебери. Көптөгөн көзү азиз кыргызстандыктардын насаатчысы.
Жандап жүрүүчүнүн милдети — спортчу менен кошо чуркап, ага багыт берип жүрүп отурат. Ал үчүн жиптин бир учун спортчу, экинчи учун профессионал коштоочу кармап алат. Бул жерде жандап жүрүүчү спортчу сыяктуу эле аралыкты кошо чуркап же басып өтөт.