Сүйүнчү! Эрназар Акматалиев дүйнө чемпиону болду

2021-жылдагы күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүп жатат.
70 килограмм салмакта күрөшкөн Эрназар финалдык беттеште армениялык Вазген Теванянды утуп алды. Кармаш 10:2 эсеби менен аяктады.
Биринчи бөлүктү Эрназар 3:2 эсепте алдыда жыйынтыктады. Экинчи бөлүктө тынымсыз аракети менен атаандаштын шайын кетирип, үч ирет килем чийининин сыртына чыгарды. Соңунда артына өтүп эки упай алып, тоголотуп (накат ыкма) ыкма жасады. Жалпы эсеп 10:2 менен аяктады.
Тыныбекованын жолун жолдогум келет. Айперинин жеңиштен кийинки маеги. Видео
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.
Бул аталган мелдеште Кыргызстандын командасы үчүн үчүнчү байге. Буга чейин 57 килограмм салмакта ат салышкан Бекболот Мырзаназар уулу күмүш байге утту.
Ал эми кечээ кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта чемпион болуп, алтын медаль уткан.