Кучак толо гүл... Айпери Медет кызы баштаган балбандар Бишкекке келди. Сүрөт

Балбан кыздарды машыктыруучулар, жакындары жана күйөрмандары кучак толо гүл менен аэропорттон тосуп алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышкан Айпери Медет кызы менен Назира Марсбек кызы жана алардын машыктыруучусу Нурбек Изабеков Бишкекке келди. Бул тууралуу Спорт агенттигинен билдирди.
Аларды "Манас" эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурлан Исмаилов, Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев, дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова жана спортчулардын жакындары, күйөрмандары тосуп алышкан.
Белгилей кетсек, 23 жашка чейинкилер (U23) арасында өткөн дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы алтын тагынып, дүйнө чемпиону аталды. Ал эми Назира Марсбек кызы мелдешке чыгып, ийгилик жарата алган жок.