Айсулуу Тыныбекованын АКШда машыгып жаткан сүрөтү. Изабеков түшүндүрмө берди

Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу АКШга эс алганы кеткенин айтып, спорттук жактан табында болуш үчүн ал жактан да машыгып турарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова машыгуусун АКШда улантып жатканын Facebook баракчасына жазып, сүрөтүн жүктөгөн.
"Алдыда дагы жеңиштерди багындыруу үчүн бүгүнкү күндө АКШда машыгуумду улантып жатам", — деп жазган спортчу кыз.
Ызаландым, ыйладым, бирок күмүштүн баасы башкача болду. Айсулуу Тыныбекованын маеги
Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу АКШга эс алганы кеткенин айтып, спорттук жактан табында болуш үчүн ал жактан да машыгып турарын белгиледи.
"Бул жылдагы мелдештердин баары бүттү. Бүткөндөн кийин биз, машыктыруучу катары, бир айга эс алгыла деп айтабыз. Анткени ар бир спортчу психологиялык жактан эс алышы керек. Кайда барып, эмне кыларын өздөрү чечет. Бирок биз ар бирин кайда кеткенин көзөмөлдөп, сурап турабыз. Айсулуу АКШга барды. Ал жакта спортчу, балбан тааныштары, мекендештер бар", — деди Изабеков.
Айсулуу Тыныбекова Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталган. Ошондой эле Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси.