Акылбек Жапаров Тажикстан премьеринин орун басары менен жолукту

Тараптар эки элдин ортосундагы ишенимди чыңдоо жана жергиликтүү тургундар арасында чыңалууну алып келүүгө багытталган иштерге жол бербөө туурасында сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын өкмөт башчысынын орун басары Усмонали Усмонзода менен гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү жана башка дагы бир нече маселени талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 3
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын өкмөт башчысынын орун басары Усмонали Усмонзода менен гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү жана башка дагы бир нече маселени талкуулады
2 / 3
Алардын "Европа биримдиги – Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында жолукканы айтылды
3 / 3
Тараптар эки элдин ортосундагы ишенимди чыңдоо жана жергиликтүү тургундар арасында чыңалууну алып келүүгө багытталган ар кандай аракеттерге тыюу салуу маанилүү экендигин айтып, бул жаатта кеп кылышкан.
Алардын "Европа биримдиги – Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында жолукканы айтылды.
"Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик өз ара кызматташуусунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Эки республиканын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасалды", — деп билдирди маалымат кызматы.
Тараптар эки элдин ортосундагы ишенимди чыңдоо жана жергиликтүү тургундар арасында чыңалууну алып келүүгө багытталган ар кандай аракеттерге тыюу салуу маанилүү экендигин айтып, бул жаатта кеп кылышкан.