Ошто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата иш-чаралар өттү. Сүрөт

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар 2017-жылдан бери 7-8-ноябрды тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилеп келишет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата бир катар иш-чаралар өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4
Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата бир катар иш-чаралар өттү
2 / 4
Иш-чаранын алкагында мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө салым кошкон тарыхый инсандар эскерилген
3 / 4
Аксакалдар, көрүнүктүү маданият ишмерлери, шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилери Алымбек датка, Курманжан датка, Абдыкадыр Орозбеков, Исакбек Монуев, Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Абсамат Масалиевдин эстеликтерине жана "Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүл коюп, ата-бабалардын арбагына арнап куран окушту
4 / 4
Белгилей кетсек, кыргызстандыктар 2017-жылдан бери 7-8-ноябрды тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилеп келишет.
Билдирмеге караганда, иш-чаранын алкагында мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө салым кошкон тарыхый инсандар эскерилген.
"Аксакалдар, көрүнүктүү маданият ишмерлери, шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилери Алымбек датка, Курманжан датка, Абдыкадыр Орозбеков, Исакбек Монуев, Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Абсамат Масалиевдин эстеликтерине жана "Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүл коюп, ата-бабалардын арбагына арнап куран окушту", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кыргызстандыктар 2017-жылдан бери 7-8-ноябрды тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилеп келишет.