Соцфонд менен кошо дагы бир мамлекеттик агенттик түзүлдү. Жапаровдун жарлыгы

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин аталышы өзгөрдү. Мурунку аталышынан "тышкы соода жана инвестициялар" деген сөздөр алып салынды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Документтеги маалыматка караганда, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында министрлер кабинетине караштуу төмөнкү мекемелер түзүлөт:
Мындан тышкары, аталган жарлыктын негизинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин аталышы өзгөртүлдү. Мурунку аталышынан "тышкы соода жана инвестициялар" деген сөздөр алып салынды.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.