Адис смартфонду хакерлер талкалап киргенин кантип билсе болорун айтты

Адистин пикиринде, кожоюндан башка дагы бирөөлөр көзөмөлдөп жаткан телефондун батареясы батыраак сарптала баштайт. Анткени смартфонго киргизилген шпион-вирустар энергияны көп талап кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Смартфон адаттагыдан башкача иштеп, активдүүрөөк болуп калса, демек, аны киберкылмышкерлер талкалап кирген. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине киберкоопсуздук боюнча адис Руслан Косарим билдирди.
Анын айтымында, кожоюндан башка дагы бирөөлөр көзөмөлдөп жаткан телефондун батареясы батыраак сарптала баштайт. Анткени смартфонго киргизилген шпион-вирустар энергияны көп талап кылат.
"Мындан тышкары, телефондо ээси көчүрбөгөн тиркемелер пайда болот. Адатта аларды өчүрүү дагы мүмкүн эмес. Wi-Fi өз алдынча кошулуп, айтор, телефон өз жашоосу менен жашап жаткандай элес калтырат", — деди адис.
Ошондой эле айрым тиркемелерге өзүнөн-өзү эле блок коюлуп кала берет. Бул дал ошол учурда тиркеменин ичинде шпион-вирустар жүргөнүнөн кабар берет.
Телефонго хакерлер киргенинин эң эле ачык белгиси акчалай каражаттардын жок болуп кетиши экени айтылат. Адатта шылуундар биринчи кезекте мобилдик банкинг же электрондук капчыктарга чабуул коюп, акчаларды чыгарып кетүүгө аракет кылат.