Жалаа жаппайбыз, добуш сатып албайбыз. Партиялар өз ара макулдашууга кол койду

Документке кол коюу менен партиялар өздөрүнө милдеттенме алышты жана бир катар талаптарды аткарууга даярдыгын ырасташты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялар мыйзам талаптарын кылдат аткаруу милдетин алып, меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Кол коюуга БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Республикалык штабдын төрагасы, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, 21 саясий партиянын лидерлери/өкүлдөрү, эл аралык жана коомдук байкоочулар, өкмөттүк эмес уюмдар, ЖМК өкүлдөрү катышкан.
"Саясий партиялардын ортосунда меморандумга кол коюу эл аралык стандарттарга ылайык демократиялык шайлоо өткөрүүнүн маанилүү кепилдиги болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Меморандум — бул катышуучуларды мыйзам алкагында гана аракеттенүүгө, Конституция талаптарын кынтыксыз аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоого милдеттендирген келишим.
Документке кол коюу менен партиялар өздөрүнө милдеттенме алышты жана төмөнкүлөргө даярдыгын ырасташты:
Шайлоо өнөктүгүнө эң көп каражат сарптаган партиялардын тизмеси жарыяланды
Өзү жана партиядагы өкүлдөрүн, ишенимдүү адамдарын, үгүтчүлөрүн, туугандарын, досторун, тааныштарын жана башка адамдардын добуш сатып алышына жол бербөөгө, ага каршы күрөшүүгө бардык чараларды көрүүгө, ошондой эле укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө;
Социалдык жаатташуу жана каршылашууга, жалаа жабууга, тике жана кыйыр түрдө диний тематиканы колдонуу же ага таянууга, ошондой эле күч колдонууга, коомдук тартипти бузууга чакырган маалыматтарды, үгүт материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу расмий же жашыруун басып чыгарбоого жана жайылтпоого;
Административдик ресурстарды пайдаланууну жокко чыгарууга;
Шайлоо өнөктүгүндө аял талапкерлерди ар тараптан колдоп, маалыматтык жана укуктук жардам көрсөтүүгө, партия тизмесинен аял талапкерлердин чыгуусуна жана аларды басмырлоонун бардык түрлөрүн жокко чыгарууга.