Өзбекстандын президенти болуп шайланган Мирзиёев кызматына киришти

Мирзиёев инаугурация салтанатында ант берип, парламент өкүлдөрүнүн алдында сүйлөп жатат. Ал элдин добушунун 80,12 пайызын алып жеңип чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Өзбекстандын президенти болуп кайра шайлангандан кийин Шавкат Мирзиёев кызматына киришти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынын Telegram-каналы жазды.
Инаугурация салтанатына парламенттин жогорку жана төмөнкү палаталарынын, өкмөттүн мүчөлөрү, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышууда.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мамлекет башчысы БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялагандан кийин эки айдан кеч эмес убакытта парламентте ант берип кызматына киришет.
Өзбекстандагы президенттик шайлоо 24-октябрда өтүп, Шавкат Мирзиёев элдин добушунун 80,12 пайызын алып жеңип чыккан.