Жапаров Түркмөнстан менен газ алуу, өнүктүрүү фондун түзүүнү талкуулады

Жапаров Кыргызстан Түркмөнстандын инвесторлору менен кызматташуу жана өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттер үчүн ар дайым ачык экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыджов менен жолугуп, кыргыз-түркмөн фондун түзүү тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жолугушуу Бишкекте өткөн "Европа биримдиги — Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында өткөн.
Жапаров Өзбекстандын премьери Арипов менен электр энергиясын алууну сүйлөштү
Жапаров Кыргызстан Түркмөнстандын инвесторлору менен кызматташуу жана өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттер үчүн ар дайым ачык экенин айткан. Ошондой эле ал энергетикалык кызматташуу жаатында Кыргызстанга ташылып жаткан түркмөн электр энергиясынын маанилүүлүгүн белгилеген.
Сүйлөшүүлөр алкагында биргелешкен кыргыз-түркмөн фондун түзүү, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өз ара аракеттешүү маселеси талкууланган.