Радио

Азарматов: көк бөрүгө салым кошкондордун эмгегин жаштар билиши керек

Көк бөрү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу, калыс Мурат Азарматов көк бөрү оюнунун өнүгүшү улуттун биримдигин, ынтымагын, улуу эл экендигин даңазалап жаткандыгын айтты.
Sputnik
Көк бөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкондордун эмгегин жаштар билип, аларды айта жүрүшү керек. Мындай пикирин Мурат Азарматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көк бөрүнүн эрежелерин иштеп чыккан Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеевдин улуттук спорттун калыптанышында эмгеги абдан чоң.
"Учурда көк бөрү оюну өнүгүүнүн туу чокусуна келип турган убагы. Бирок мунун артында эбегейсиз мээнет бар. Анткени Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеев оюндун жаңы эрежесин түзүп, көп эмгек кылып, көзүнүн майын кетиришти. Алгач алар оюн талаасын ылайыктап жасап, жакынкы айылдардан командаларды издеп, баарынын башын бириктирди. Болот Шер, Аскар Салымбеков өздөрүнүн жардамын берип, бул оюндун өлкө боюнча жайылышына жол ачышты. Бүгүнкү күндө көк бөрү боюнча мелдештерде ипподромго эл батпай, сүрөөн менен өтүп жатат. Бул улуттун биримдигин, ынтымагын даңазалайт. Көчмөндөр оюнунда көк бөрү дүйнө элдерин таң калтырды", — деди Азарматов.
Ошондой эле калыс көк бөрүнү дүйнө кыргыздардын эрежеси аркылуу таанышы керектигин кошумчалады.