Кеминде мобилдик клиника ишин баштап, ачылышына Жапаров катышты. Сүрөт

Клиника дарыгерлери Кемин районунан баштап алдыдагы 5 жылда өлкөнүн бардык аймактарына барып, акысыз кызмат көрсөтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кемин шаарында мульти-диагностикалык мобилдик клиниканын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 7
Президент Садыр Жапаров бүгүн Кемин шаарында мульти-диагностикалык мобилдик клиниканын ачылыш аземине катышты
2 / 7
Жүк ташуучу унааларга орнотулуп, сегиз бөлүктөн (трейлерден) турган мобилдик клиника медицина кызматкерлеринин жашоо шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган
3 / 7
Ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, чайкануучу жай жана башкалар каралган
4 / 7
Ошондой эле мобилдик клиниканын базасында заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган компьютердик томограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт
5 / 7
Мындан сырткары, биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы бар
6 / 7
Садыр Жапаров мамлекет биринчи кезекте өлкөнүн жарандарынын саламаттыгын сактоого кам көрүшү керектигин белгилеген
7 / 7
Ошондой эле ал өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан мобилдик клиниканы алып келген жана анын ишин каржылай турган демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирген.
Билдирүүгө ылайык, жүк ташуучу унааларга орнотулуп, сегиз бөлүктөн (трейлерден) турган мобилдик клиника медицина кызматкерлеринин жашоо шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган. Ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, чайкануучу жай жана башкалар каралган.
Ошондой эле мобилдик клиниканын базасында заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган компьютердик томограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт.
Мындан сырткары, биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы бар.
"Клиника дарыгерлери Кемин районунан баштап алдыдагы 5 жылда өлкөнүн бардык аймактарына барып, жергиликтүү тургундарды кароо, дартты аныктоо жана дарылоо боюнча кызматтарын акысыз көрсөтүшөт", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров мамлекет биринчи кезекте өлкөнүн жарандарынын саламаттыгын сактоого кам көрүшү керектигин белгилеген.
Ошондой эле ал өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан мобилдик клиниканы алып келген жана анын ишин каржылай турган демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирген.