Казакстан да кош байге сайып "Айтыш" өткөрдү. Асылбек Маратов баш байгени алды

Сынакты Казакстандын Маданият министрлиги менен Алматы облусунун акимчилиги уюштурган. Байге фонду — 8 000 000 тенге болду.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Казакстанда эл аралык "Айтыш-2021" сынагы өтүп, баш байгеге Кыргызстандан акын Асылбек Маратов ээ болду. Бул тууралуу төкмө акын Азамат Болгонбаев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, бул ирет коңшулар да биринчи жолу кош байге сайган. Казакстандан эң жогорку сыйлыкты Жандарбек Булгаков алды.
"Иш-чара Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналып, Талдыкорган шаарында өттү. Сынакты Казакстандын Маданият министрлиги менен Алматы облусунун акимчилиги уюштурган", — деп жазган Болгонбаев.
Сынактын жеңүүчүлөрү:
Кызыктыруучу сыйлык — Баян Акматов жана Сырым Ауезхан.
Сынактын байге фонду 8 000 000 (болжол менен 1,5 миллион сом) тенге экени кошумчаланды.