БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Бекболот Мырзаназар уулу 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатынын күмүш медалын утту. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүп жатат.
Бекболоттуку акыркы секундадагы жасаган ыкмасы калыстар тарабынан бааланбай калып, Кыргызстандын машыктыруучулар тобу челлендж суранды.
Бир топ талкуудан соң калыстар була талашты Азербайжан тараптын пайдасына чечти. Бул үчүн Рзазадеге дагы бир упай берилди.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.