Тыныбекованын жолун жолдогум келет. Айперинин жеңиштен кийинки маеги. Видео

Айпери Медет кызынын 23 жашка чейинкилер арасында (U23) өткөн дүйнө чемпионатын уткандан кийинки алгачкы интервьюсу чыкты. Маек United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун Youtube каналына жарыяланды.
Sputnik
Анда кыргыздын балбан кызы Ослодо өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль алып калганынан арданганын, Токио Олимпиадасы чоң сабак болуп, анда кетирген каталардын үстүнөн иштеп жатканы тууралуу айткан.
Белграддагы турнирде алтын байге үчүн таймаш оор болгонун белгиледи.
“Беттеш учурунда шайым кетип, аябай чарчадым. Мен бул мелдешке аттанар алдында алтын медаль утам деп өзүмө сөз берип анан чыккан болчумун. Ошондуктан бардык сыноолорго, кыйынчылыктарга чыдап, жеңишке жетүүгө болгон аракетимди коюп тырыштым”, — деген ал.
Спортчу кыз ошондой эле кыргыздын атактуу балбаны, эки жолку дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековадай болгусу келерин, анын күрөшүн көрүү менен спортко келгенин билдирген.
Дүйнө чемпионаты: балбандар Эрназар менен Бекболот финалга чыкты. Видео
Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер) түрлөрү боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта ат салышып, алтын медаль утту.
Финалдык кармашта ал колумбиялык Татьяна Рентиераны утуп чемпион болду.
Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы 20 жана 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону болгон кыргызстандык жападан жалгыз балбан кыз болуп саналат.