Радио

Айталиев: 76 мегаваттка ылайыкталган чакан ГЭСтер курулуп жатат

Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу боюнча инвесторлордун документтери каралып жаткандыгын айтты.
Sputnik
Учурда өлкө аймагында курулуп жаткан чакан ГЭСтердин иши бүтсө, жалпы электр энергиясына 76 мегаватт кубаттуулук кошулат. Мындай маалыматты Тилек Айталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө суунун, күндүн, шамалдын энергиясын пайдаланып электр станцияларын курган инвесторлор мамлекет тарабынан мыйзамдын чегинде коюлган жогорулатылган тарифтик көрсөткүчтүн негизинде кепилдик алат.
"Бүгүнкү күндө 76 мегаваттка ылайыкталган чакан ГЭСтердин курулуш иши жүрүп жатат. Алар колдонууга берилсе жалпы электр энергиясына кубаттуулук кошулат. Мындан тышкары, чакан ГЭС куруу боюнча инвесторлорго 50 күбөлүк берели деп турабыз. Эгерде ал ишке ашып калса, дагы 200 мегаваттан ашык кубаттуулук берет. Мамлекетке караштуу "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому" учурда Таластагы "Бала-Саруу" чакан ГЭСи боюнча иштеп жатат. Аны да кошо турган болсок 100 мегаваттан ашык энергия кошулат", — деди Айталиев.
Ошондой эле аткаминер электр энергиясына болгон талап дайыма жогору болгондуктан ички керектөөлөрдү жаап, экспорттоо жолдору да каралып жатканын кошумчалады.