Жапаров "ЕБ - Борбордук Азия" форумунда эмне маселелерге токтолду

Жапаров эл аралык форумдан кийин Европа биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө жаңы этап башталды деп эсептейт. 
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. 2050-жылга чейин Кыргызстан жашыл өнүгүү платформасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Европа биримдиги - Борбордук Азия" биринчи эл аралык экономикалык форумда сүйлөп жатканда айтканын анын маалымат кызматы кабарлады.
"Европа Биримдиги - Борбордук Азия" биринчи эл аралык экономикалык форуму
Ал энергиянын кайра өндүрүү булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика — көмүртексиз саясаттын кыймылдаткыч күчү болорун белгилеген.
Президент Садыр Жапаров
"Биз өнөр жай секторун жана турак жай-коммуналдык чарба тармагын көмүртектүү энергия булактарынын ордуна, биринчи кезекте, көмүр менен мазуттун ордуна толугу менен электр кубатына өткөрүү максатында чакан жана орто ГЭСтерди куруу долбоорлорун этап-этабы менен ишке ашырууну көздөп жатабыз", — деген Жапаров.
Ал ырааты менен бул багыттагы иштерди санап өткөн.
Төмөндө Жапаровдун айткандарын келтиребиз:
"Урматтуу кесиптештер! Мен бүгүн биз Европа биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө жаңы этап башталды деп айта алам, бул бизге негиздүү оптимизмди берет", — деген Жапаров.
Ал Борбордук Азия чөлкөмүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык жылдан жылга жагымдуу болуп баратат деген пикирин айткан.
Садыр Жапаровдун Глазгого болгон сапары карып, Бишкекке кайтты
"Сандар боюнча айтсак, Дүйнөлүк банктын маалыматына таянсак, 1993-жылы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ИДПсы 45 миллиард АКШ долларын түзсө, 2019-жылы 8 эсеге өсүп, 347 миллиард долларга жеткен. Бул сумма 2030-жылга карата дээрлик эки эсеге көбөйүп, болжол менен 610 миллиард долларга чейин жетет деп күтүлүүдө", — деген Жапаров.
Президент сөзүнүн аягында иш-чаранын катышуучуларына жемиштүү күн каалаган.