Жалал-Абадда тарпы чыккан балдар аянтчасын курууга 205 миң сом кеткен

Мэрия башында жергиликтүү тургундар балдары ойноп, кийимин булгап албасын деп сырдабай турууну суранышканын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу үйдүн алдындагы тарпы чыккан балдар аянтчасын курууга 205 миң сом кеткен. Бул туурасында мэриянын Турак жай, коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Сайдибраим Жакыпов билдирди.
Анын айтымында, мэриянын маалымат кызматы жарыялаган сүрөттөрдөгү балдар аянтчасы эки ай мурда Спутник шаарчасында курулган.
"Башында жергиликтүү тургундар балдары ойноп, кийимин булгап албасын деп сырдабай турууну суранышкан. Ошондуктан толук бүткөрбөй кетишкен. Ал эми отургучтарга жаңы такталар коюлган, аны бирөө сууруп чыгарып кетиптир. Подрядчы компанияга тапшырма бердим, бүгүн барып сырдап, оңдошот. Алар келишим боюнча бир жылга чейин тейлейт", — деди Жакыпов.
Ошондой эле шаарда бул сыяктуу 12 ойноо аянтчасы курулуп жатканын айтып, ар бирине 205 миң сомдон сарпталганын белгиледи.
УКМК: Сузактагы мектепти курууда мамлекет 5 млн. сом чыгым тарткан
"Биз бардыгын жаңы алып келгенбиз, эскини коюптур деген туура эмес. Дат басып турган жасалма жылгаяк эки ай мурун коюлган. Бөлүнгөн каражатка жерди түздөп, шагыл дагы төгүшкөн", — деди Турак жай, коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад мэриясы жаңы курулду делген балдар ойноочу аянтчанын тосмолору, жабдуулары жарым-жартылай сырдалып, калганы дат баскан бойдон турган. Бир отургучтун тактайларынын жарымы жок.