Дат баскан, тактайы жок. Жалал-Абад мэриясы курган балдар аянтчасынын сүрөттөрү

Калаада жергиликтүү бюджеттин эсебинен быйыл балдар ойноочу 10 аянтча курулган, дагы экөөнүн курулушу аяктоо алдында турат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаардык мэриясы көп кабаттуу үйдүн алдындагы тарпы чыккан балдар аянтчасы жаңыдан курулганын маалымдады.
1 / 6
Жалал-Абад шаардык мэриясы көп кабаттуу үйдүн алдындагы тарпы чыккан балдар аянтчасы жаңыдан курулганын маалымдады
2 / 6
Ал жерден тартылган сүрөттөрдү мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Кабылбек Көчкөнбай уулу Facebook баракчасына жарыялады
3 / 6
Кадрдан балдар ойноочу аянтчанын тосмолору, жабдуулары жарым-жартылай сырдалып, калганы дат баскан бойдон турганын көрүүгө болот
4 / 6
5 / 6
Бир отургучтун тактайларынын жарымы жок турат
6 / 6
Мэриянын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстанга калаада бул сыяктуу 12 балдар аянтчасы салынарын билдирди
Ал жерден тартылган сүрөттөрдү мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Кабылбек Көчкөнбай уулу Facebook баракчасына жарыялады.
Ошондой эле мэриянын расмий Instagram аккаунтуна да жүктөлгөн. 
Кадрдан балдар ойноочу аянтчанын тосмолору, жабдуулары жарым-жартылай сырдалып, калганы дат баскан бойдон турганын көрүүгө болот. Бир отургучтун тактайларынын жарымы жок турат.
Мэриянын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстанга калаада бул сыяктуу 12 балдар аянтчасы салынарын билдирди.
"Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен быйыл 10 көп кабаттуу үйдүн алдына балдар ойноочу аянтча курулду. Алдыда дагы экөөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Бул жыл башында планга киргизилип, 3 миллион сомго тендер жарыяланган. Конкурстан 2 миллион 320 миң сом сунуштаган "Агахан" компаниясы уткан", — деп билдирди мэрия.
Ал эми сүрөттөгү балдар аянтчасынын курулушуна канча каражат кеткени тууралуу азырынча маалымат жок. Мэриянын Турак жай коммуналдык чарбасы башкармалыгынын жетекчиси Сайдибраим Жакыпов тактап берүүнү убадалады.