БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Октябрь айынын аягында Улуттук банктын эл аралык валюталык резервинин (алтын валюталык) көлөмү 3 миллиард 149,9 миллион долларды түздү.
Бул сентябрь айынын аягындагы рекорддон (3,2 миллиард доллардан ашык) 91,2 миллион долларга азайганынан кабар берет. Азыркы көрсөткүч тарыхтагы экинчи болуп катталды.
Улуттук банк октябрда үч жолу валюталык интервенция жүргүзүп, 87,8 миллион доллар саткан.
Алтын-валюталык кор (эл аралык валюталык резервдер) Улуттук банкка сомдун курсун түшүрбөй кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Резервдер валютанын ондон ашуун түрлөрүнөн, SDR (карыз алуунун атайын укуктары — Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражатынан) жана алтындан турат.